2025-04-28


КТМУ КЕСИПТИК КОЛЛЕДЖИНИН СТУДЕНТТЕРИНИН ДОЛБООРДУК КӨРГӨЗМӨСҮ


2025-жылдын 23-апрелинде Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин (КТМУ) Кесиптик колледжинде билим алган студенттердин эмгектерин камтыган «Студенттеринин практикалык көргөзмөсү» ачылды.

КТМУ Кесиптик колледждин студенттеринин эмгектери коюлган жыл жыйынтыгы боюнча көргөзмөнүн ачылышына КТМУнун ректору, профессор Алпаслан Жейлан, биринчи проректор, саясий и.к., доцент Алмаз Ибраев, проректор, профессор Режаи Доган, башкы катчы, профессор Исмет Алтынташ, Колледжибиздин мүдүрү профессор Мирбек Турдуев жана университетибиздин окутуучулары, административдик кызматкерлери жана студенттер катышты.

КТМУнун ректору, профессор Алпаслан Жейлан студенттерди окуу жылы бою алган билимдерин практика менен айкалыштыруу ийгиликтүү эмгектерди жараткандары үчүн куттуктады. Ошондой эле көргөзмөдө эмгектери орун алган студенттерге жана аларды тарбиялаган окутуучуларга ыраазычылык билдирди.

Көргөзмөгө коюлган эмгектерге салым кошкон ага окутуучулар Гулмира Ажыгулова, Гулзаада Абдралиева, Мустафа Өжал жана Мехмет Рүштү Чифтчини жана студенттерди куттуктап, ийгиликтерди каалайбыз.